Menu

Оторбаевге карата “фас” деген буйрукту Атамбаев бергенби?

Бөлүшүү:

Эмнегедир акыркы кезде эски-жаңы бийликтин короосундагы айрым ишенимдүү кадрлар өгөйлөнүппү же өз каалоосу мененби, кыскасы “тойдум байдын кызына” дегенсип, Ак үйдүн саясатына каршы чыгышууда. Андай “кара тизмеге” Акыйкатчы К.Оторбаев илинди окшойт. Бирок бир кезде “Азаттык” радиосун башкарган жигит ошол учурдагы бийликтан башкы оппозиционери А.Атамбаевди коргоп, жактап жазгандары эске алынып, 2010-жылы апрель төңкөрүшүнөн кийин КТРКнын башкы директорлугуна дайындалып, бул майлуу-сүттүү кызматта кумары канганча отурду. Канткен менен экс-президент өз балдарын жерге таштабайт эмеспи. Андыктан юридикалык билими болбосо да ал кездеги өкүмдардын колдоосу менен Акыйкатчы болуп калды. Бирок өткөн жумада КСДП фракциясы акыйкатчыга ишеним көрсөтпөй тургандыгын жарыялады. Көрсө, ал фракциянын жыйындарына катышпай, иши тууралуу баяндама бербептир. Акыйкатчынын кеңсесинен К.Оторбаев ооруп жаткандыгын билдирген менен КСДП лидери И.Өмуркулов анын бул мамилесин “тоотпогондук” катары баалады. Ал арада бийликтин дагы бир пахтакор-депутаты М.Мадеминов жаңы Акыйкатчы шайлоо демилгесин көтөрүп жиберди. Балким, Ак үй тараптын Акыйкатчыга өгөй мамиле жасап жаткандыгынын себеби К.Оторбаевдин камактагы депутаттар Ө.Текебаев, К.Исаевдерге ооп кетип, ачык да, көмүскө да алардын таламын талашып жаткандыгында,- “Фас” деген буйрукту аттан түшсө да, тактан түшө элек А.Атамбаев өзү берип жүрбөсүн?

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: