Соңку иликтөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сатылып жаткан дарылардын көпчүлүгү ооруну айыктырууда таасирдүү эмес болуп чыкты. Тагыраак айтканда көмүскө базарда айланган, аткезчилик жол менен кирген, сапатын тийиштүү органдар көзөмөлдөбөгөн дарылар көп экенин Стратегиялык демилгелер борборунун байкоочулары аныктаган. Мындай шалаакылыктын бирден бир себеби – бирдиктүү электрондук саламаттык базасы жок.
Айтмакчы, биздин өлкөдөгү сатылып жаткан дарылардын бирдиктүү базасын түзүүнү мындан 3 жыл мурун ошол кездеги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркиянын мисалында сунуш кылган жайы бар. Бул долбоор ишке ашканда, фармацевтика тармагындагы коррупция, бир эле дарыны ар кайсы дарыкана ар башка баада сатуу жана ал дарыны алып кирген компаниялардын салыктан качуусу сыяктуу көрүнүштөргө бөгөт коюлмак.
Врачтык түйшүктүн бир да тепкичин басып өтпөсө да министр болгон учурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кесиби фармацевт. Кишини дарылаганды билбесе да кур дегеңде кишилерди дарылай турган дары-дармектерди тыңыраак көзөмөлдөгөнгө кесиби дары-дармек сатуу боюнча адис К. Чолпонбаев ушул ишке жарай албаса… анда анын колуна бүтүндөй бир мамлекеттин элинин саламаттыгын сактоочу тармактын жетекчиси кылуу акыйкаттыка жатабы?
Булак: Айгай
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ