Кечээ жакында эле ажо Алмазбек Атамбаев тууралуу видео интернетте жарыяланды. Анда президенттин жеке өзүнөн баштап үй-бүлөсү, жакындары тууралуу дыкат иликтенген материалдар камтылган. Мындай видеону атайын кызмат гана даярдабаса президентке каршы болуп жаткан кыргыз саясатчыларынын колунан келмек эмес. Ошол видеодо президенттин кеңешчиси Бусурманкул Таабалдиев УКМКнын терагасы болуп турганда “Жерүй” алтын кенин иштетүүнү утуп алган орустардын “Восток-геологодобыча” компаниясынын кожоюну Муса Бажаев менен кен тууралуу телефондо президенттин атынан сүйлөшкөнү да берилет. УКМК терагасы алтын кени тууралуу президенттин атынан жеке ишкер менен сүйлөшүп жатканы өзүнчө талкуулана турган маселе. УКМК төрагасынын кызматтык телефон менен сүйлөшкөнү жазылып алынганы өкөнүн коопсуздугу үчүн сокку. Мамлекеттин коопсуздугун көзөмөлгө алган номур биринчи адамдын өзүнүн коопсуздугу каралбай жаткан болсо башка кепти айтуунун кажети деле жок да. Мамлекеттик жашыруун сыр бар деп айтуунун кажети деле жок. УКМК төрагасын тыңшаган кызматтар президентти тыңшабайт деп ким кепилдик бере алат? Видеодогу телефон аркылуу сүйлөшүүнүн негизинде иликтөө иштери жүрүп, Таабалдиевге кылмыш ишин козгоого атайын кызматтын толук акысы бар.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ