Бүгүн, 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Чагылган» басылмасын 15-октябрда өтчү президенттик шайлоону чагылдыруу боюнча каттоодон чыгарып салды. Бул тууралуу чечим БШКнын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.
Эми “Чагылган” сайты президенттик шайлоону чагылдырууга, аны жарнамалап акча табууга, шайлоо комиссияларынан маалымат талап кылууга акысы жок.
Маалыматка ылайык, «Бабанов жөнүндө ушак жазгандыгы үчүн каттоодон алынды», – деп билдирген БШКнын төрайымынын жардамчысы Гуля Алмамбетова.
Chagylgan.kg сайты жарыяланган макаласында Бабановдун шайлоо фондун айрым мамлекеттерде, мисалы “Түркияда террористтик уюм болуп эсептелинген уюм каржылап атат” деп жазылган.
Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков жалган маалыматтарды тараткан маалымат сайттарына чара көрүүнү БШКдан өтүнүп арыз жазган.
Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабановдун штабы жалпысынан төрт медианы шайлоодон четтетүүнү талап кылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ