Menu

Ирина Карамушкина Иса Өмүркулов менен кайым айтышуудан кийин жыйын залынан чыгып кетти

Бөлүшүү:

КСДПчы депутат парламенттин Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өз кызматын өткөрүп бериши керек деп билдирди. Бирок аны КСДПчы партиялаштары колдогон жок.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкинанын Иса Өмүркуловду  фракциянын лидерлигинен кетирүү жөнүндө айткан сунушуна каршы болушту.

Фракциянын бүгүн, 16-ноябрда өткөн жыйынында лидер Иса Өмүркулов партиядан аны чыгаруу тууралу Саясый кеңештин жыйынынын керектүү материалдарын алгандан соң гана бул маселени фракциянын жыйынына алып чыгарын билдирди.

-Мен ал, Саясый кеңештин жыйынында кимдер катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды сурагам. Качан толук маалымат келгенде, ошондо бул маселени фракцияда талкуулайбыз, деп билдирди Иса Шейшенкулович.

Мындай жооп Карамушкинага жаккан жок жана ал Иса Өмүркулов КСДП фракциясынын лидери кызматын мыйзамсыз ээлеп тургандыгын билдирген.

-Ал жыйынга сиз өзүңүз келип, кимдер катышканын көрсөңүз болмок, – деп нааразыланган Ирина Карамушкина, -Сиз партиядан чыгарылгандан кийин да келип, бүгүн фракциянын жыйынын өткөрүп жатканыңыз легитимдүү эмес, – деп тескериленген ал.

Добуш берүүдө КСДПчы коллегалары Ирина Карамушкинаны колдобой койгондон кийин ал нааразычылык иретинде фракциянын отурум залынан чыгып кеткен.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 27 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: