Ала-Тоо аянтында люстрация үчүн митингге чыккандар Өмүрбек Бабановго сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришкен жок.
Саясатчы трибунага чыкты, бирок аны кыйкырышып, бөтөлкөлөрдү анын багытына ыргытышты. Ал күзөтчүлөрү менен бир тарапка басып кетип калышты.
Ошондой эле, Ала-Тоо аянтында активист жаран Таластан болот экенин жарыялады. Жана Өмүрбек Бабановду агасы катары сыйлай турганын айтты. Бирок ал Бабановдун бийликке келишине каршы чыкты. Себеби 5-октябрда эл көтөрүлүшкө чыкканда “Бабанов кайда жүрдү?” – деп суроо узатты. Бул учурда трибунага “Республика” партиясынан Мирлан Жээнчороев келип ал баладан микрафонду колунан жулууга аракет кылды. Ошол убакта Ала-Тоо аянтында турган эл Мирлан Жээнчороевдин кылган аракетин көрүп, бөтөлкө жана башка бир буюмдар менен аны көздөй башка ыргытышты.
Бабанова красиво пнули pic.twitter.com/mAeSy0hFab
— Umarakhunov Ilkham (@Umarakhunov_I) October 7, 2020
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ