Menu

КРнын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын Төрагасы Волкан Бозкыр менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-ноябрда КРнын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын Төрагасы Волкан Бозкыр менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Туруктуу өкүл Миргуль Молдоисаева Волкан Бозкыр мырзанын БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады, ошону менен бирге боордош Түркиянын өкүлү БУУнун түзүлүшүнөн тартып биринчи жолу БУУнун Башкы Ассамблеясына Төрага болуп шайланышын баса белгиледи.

Жолугушууда Туруктуу өкүл Миргуль Молдоисаева, өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал, анын ичинде бардык мамлекеттик институттардын толук кандуу иштеши, ошондой эле Кыргызстанда болуп өткөн парламенттик шайлоодон кийинки окуялар, анын ичинде бийликти мыйзамдарга ылайык тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилгендиги жана пландаштырылган президенттик шайлоо жөнүндө маалымат берди.

БУУнун Бакшы Ассамблеясынын 75-сессиясын алкангында Туруктуу өкүл Миргуль Молдоисаева Кыргызстандын приориттери жана демилгелери жөнүндө, анын ичинде био-ар-түрдүүлүк чөйрөсүндө  Кыргызстан сунуштап жаткан резолюциянын долбоору жөнүндө маалымат берди.

Андан ары, Туруктуу өкүл COVID-19 пандемиясы Кыргызстан элинин социалдык-экономикалык абалына таасирин тийгизгендигин, ошондой эле өлкөлөрдүн сырткы карыздарын жеңилдетүү жана коронавируска каршы вакцинага жеткиликтүүлүк камсыздоо жана бардык мамлекеттерге адилеттүү бөлүштүрүү маселелери маанилүү экендигин белгиледи.

Өз учурунда БУУнун 75-сессиясынын Төрагасы Волкан Бозкыр Кыргызстан менен Туркиянын тыгыз мамилелерин белгилеп, куттуктоого ыраазычылык билдирди, ошондой эле кооз Кыргызстанга бир нече жолу баргандыгын маалымдап, боордош элине өркүндөп өсүү каалоосун билдирди. Кыргызстандын био-ар-түрдүүлүк чөйрөсүндөгү демилгеси боюнча, Президент бул маселе маанилүүлүгүнө байланыштуу ар дайым күн тартибинде болушун белгилеп, кызматташууга даярдыгын жана өз колдоосун көрсөтөрүн билдирди. Вакциналарга баардык мамлекеттерге жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча толук түрдө колдоосун айтып, кайсы мамлекетте өндүрүлгөндүгүнө карабастан “Вакцина баарына” аттуу кампания баштап жаткандыгы жөнүндө маалымат менен бөлүштү.

Жолугушуунун аягында, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Төрагасы Волкан Бозкыр мындан ары БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында Кыргызстан менен жемиштүү кызматташтыкка ишенимин билдирди.

Өз учурунда Туруктуу өкүл Миргуль Молдоисаева БУУнун Башкы Ассамблеясы Президент Волкан Бозкырдын төрагалыгында эң жогорку деңгээлде иш алып жатканын белгилеп, ар дайым кыргыз тарап колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 88 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: