Суд Азамат Алыбаев Бишкек шаардык сотунун төрагасы болуп дайындалды.
Белгилүү болгондой 2016-жылдан бери бул кызматты Ирина Воронцова аркалап келген. Воронцовага ЖМКларда көптөгөн сындар айтылып, анын мыйзамсыз жасаган иштери ачык эле шардана болуп келген. Бирок ошондой болсо да, ага укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. 47 жаштагы Алыбаевдин кичи мекени Чалдовар айылы. Ал Воронцованын орун басары болуп иштеп келген. Жаңы төраганын кылмыш иштери боюнча орун басары болуп Талантбек Аккозуев, жарандык иштер боюнча орун басары болуп Гүлмира Садыкова, ал эми экономикалык иштер боюнча орун басары болуп Болотбек Сатыбалдиев шайланды.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ