Белгилүү болгондой, «Кумтөр» алтын кенинин Рекультивация фондунда топтолгон каражат Улуу Британиянын эмес, мындан ары Кыргызстандын банкында сакталат. Ошондуктан, ал каражатты ипотекалык насыялоо багытына салуу керек. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Президент жакында эле ипотекалык насыялоонун пайыздык коюмун төмөндөтүү демилгесин көтөрдү, ал эми Каржы министрлиги менен Мамлекеттик ипотекалык компания аны 6 пайызга чейин төмөндөтүү маселесин иликтеп көрүүгө убада берди. Анткени, азыркы 8-10 пайыздык коюм оор болууда. Ошондуктан, «Кумтөрдүн» Рекультивация фондунда топтолгон каражатты ипотекалык насыялоого буруу жагын караштырып көрүү зарыл. Насыянын кайтарым жолу бар», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ