Menu

Бакиевдердин байлыгын тыкыр иликтеген Канат Исаев

Бөлүшүү:

Кыргызстанда Бакиевдерге тиешеси бар, бирок мамлекетке өтпөй калган деген дагы 15 объект тууралуу маалымат чыгууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Бакиевдердин айрым мүлкү боюнча парламентте түзүлгөн комиссиянын жетекчиси, депутат Канатбек Исаев билдирди.

Комиссия Скрябин көчөсү 45 жана 45Адан башка объекттер боюнча деп аталат. 15тей дагы объект чыгып жатат. Тергөө, сот, прокуратура тараптан каталардын негизинде эмне себептен булар улутташтырылбай калган деп эки чоң папка даярдалды. Кээ бир органдардан жооптор келе элек. Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин Скрябин көчөсүндөгү жери мыйзамсыз сатылып кетиши боюнча кылмыш ишин 10-февралда козгогон. Бул жер Мамлекеттик мүлк фондуна сактоого өткөрүлүп берилген.

Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жалпы аянттагы жер участогун жана ошондой эле Бакиевдин айланасындагыларга тиешелүү болгон башка объекттерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия быйыл январь айында түзүлгөн. Комиссиянын жетекчиси Канатбек Исаев жаңы объекттер чыгып жатканына байланыштуу анын ишин 30-июнга чейин узартууну өтүндү.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: