Menu

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаш жөнгө салынды

Бөлүшүү:

Жергиликтүү эки элдин талашына чекитти Кыргызстандын чек арачылары коюшту. Чек ара кызматынан маалымдашкандай, 27-март күнү Каравшин дарыясынан шагыл алууга барган кыргыздарды тажиктер жолотпой коюшкан.

Натыйжада эки тараптан эл чогулган. Ал жерге кыргызстандык чек ара бекеттеринин зардалдары келип, чыр чыгара койбой, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн соң, чогулгандар тарап кетишкен.

Эки тараптуу жергиликтүү келишимдерге ылайык, Каравшин дарыясынан шагыл алууга Кыргызстандын Аксай жана Тажикстандын Чорку айылдарынын тургундары бирдей укуктуу. Буга байланыштуу Каравшинден шагыл алуу маселеси 28-мартта бул маселени жөндөө эки айыл өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланууда.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу экенин чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: