Menu

Иран Түркмөнстанды кайрадан Арбитраждык сотко берет

Бөлүшүү:

Иран Түркмөнстанга каршы Эл аралык арбитраждык сотко дагы бир доо арыз менен кайрылат. Бул туурасында Ирандын мунай өндүрүш министри Бижан Зангане билдиргенин (Bijan Zangeneh) IRNА маалымат агенттиги жазды.

«Түркмөнстан Иран 1,5 миллиард доллар карыз деп жатат, бирок биз мындай деп эсептебейбиз, сумма азайтылышы керек. Биздин экинчи дообуз Түркмөнстан газынын сапатына байланыштуу», — деди министр.

Агенттиктин маалыматы боюнча эми Ирандын арызы үч бөлүктөн турат: эскертүүсүз газ жеткирүүнү токтотуу, анын сапатынын начардыгы жана жогорку баасы.

Иран бул боюнча биринчи жолу 2017-жылы майда сотко кайрылган.

“Түркмөнстан Хроникасы” басылмасы кабарлагандай, Иран менен Түркмөнстандын ортосундагы жаңжал 2016-жылдын соңунда тутанган. “Түркмөнгаз” Тегерандан 1,8 миллиард доллар карызды төлөөнү талап кылган. Иран ММКлары кабарлагандай, узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар өз ара тил табышкан. Буга карабай, 2017-жылы 1-январда Түркмөнстан Иранга газ берүүнү токтоткон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: