Тажикстан өкмөтү “Тажикстан темир жолдору” ишканасына “Аксарай” өткөрмө бекетинде калган мигранттардын баарын бекер алып келүүгө милдеттендирди. Ай башында тажикстандык 200дөй жаранды Москвадан Душанбе жана Худжантка сапар алган поездден түшүрүп салышкан.
Маалыматтарга караганда, учурда “Аксарайда” 130 тажик мигрант бар. Астрахан облусунун Красноярск облустук соту аймактан 60тан ашуун мигрантты чыгаруу чечимин кабыл алган. Аларга жакынкы үч жылда Орусияга кирүүгө тыюу салынды. “Аксарай” өткөрмө бекетиндеги калган мигранттар соттун чечимин күтүшүүдө.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара башкармалыгы “Москва-Душанбе” багыты боюнча каттаган жүргүнчү поездде 90дон ашуун миграциялык мыйзам бузулганын билдирүүдө. Тажикстандын көптөгөн жарандарынын расмий каттоолору жана патенттери болгон эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ