Кара-Көл шаарында кечээ, 28-июлда саат 16:38 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 374-чакырымында (Көк-Бел ашуусу) “Хонда Стэп” жана “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаалары сүзүшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жол кырсыгынын кесепетинен 4 адам жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).
Жерине КР ӨКМнин №94 ӨКБ куткаруучулары барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ