Menu

Казакстанда соттолуучулар кыйноого алынды делген абактын башчылары кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Алматы облусунун Заречный шаарында жайгашкан ЛА-155/8 абагынын башчысы жана эки орун басары соттолуучулардын кыйноого алынганы тууралуу маалыматтан кийин кызматынан бошотулду.

Жазаларды аткаруу комитетинин Алматы облусу боюнча департаментинин жети кызматкери жумуштан кетти.

Бул тууралуу Казакстан ИИМинин жазаларды аткаруу комитетинин башчысынын орун басары Тенизжан Жанибеков билдирди:

– Ютубда абакта тартылган ондогон видеороликтер жайгаштырылган, арасында мекемедеги мыйзамсыз учурлар бар. Эки видеодон абактын кызматкерлери соттолуучуларга карата кыйноо колдонгонун көрүүгө болот. Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

25-июлда Ютубга жашыруун камера менен тартылган видео жүктөлгөн. Анда абактын кызматкерлери соттолуучулардын биринин колун кайрып, спортзалдын полуна жыкканын көрүүгө болот. Ошол эле маалда коңшу бөлмөдө үч кызматкер дагы бир кишини колунан асып, бирөө аны тизеси менен башка урган.

Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы акыркы он жылда өлкө түрмөлөрүндө 500дөй адам кыйноого кабылганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: