Алматынын Алмалы райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу “терроризмди үгүттөө” жана “кастыкты козутуу” беренелери боюнча айыпталып жаткандарды узак мөөнөткө кесүүнү сурады.
Прокурор айыпталган тогуз кишинин төртөөнү тогуз жылдан, калган бешөөнү жети жарым жылдан түрмөгө кесүүнү өтүндү.
Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, алардын күнөөсү экспертизанын бүтүмү жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен тергөө учурунда далилденген. Сот материалдарына караганда, Болатбек Нургалиев “терроризмди жана салафизм идеаларын үгүттөө” үчүн атайын топ түзүп, ага санаалаш сегиз кишини каттоого алган.
Айыпталуучу Болатбек Нургалиев топтун модератору катары WhatsApp мессенжеринде терроризмге каршы үгүт жүргүзгөнүн, бирок тергөө анын сөзүн бурмалаганын билдирди. Ал күнөөлүү эмес экенин айтып, соттон өзүн актоону өтүндү.
Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр март айында башталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ