Ош облусундагы Кара-Суу районунда 27 жаштагы жигит асынып алды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, окуя 17-январда Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында болгон. 1993-жылы туулган М.Ж. аттуу жигит үйүнүн короосундагы ашканада асынып, каза болгон. Маркумдун ата-энеси “эч кимге доо арызыбыз жок” деп соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ