Menu

Евробиримдик Москвадагы митингде адамдардын жапырт кармалышын айыптады

Бөлүшүү:

Европа биримдиги (ЕБ) ишемби күнү Москвада өткөн митингде адамдардын кармалышы сөз эркиндигине жана жарандардын тынч чогулуу укугуна шек келтире турганын билдирди.

«Бул – Орусиянын Конституциясында бекитилген жарандардын негизги укуктары. Биз бул укуктар корголот деп ишенебиз», – деди ЕБдин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссарынын басма сөз катчысы Майя Косьянчич.

Ал уюм жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшүндө орус бийлиги ЕККУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин сактайт деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

​Мурдараак эл аралык «Amnesty International» уюму Москваны митингде кармалгандарды бошотууга жана укук коргоо органдарынын аракетине баа берүүгө чакырган.

Москвада 27-июлда шаардык кеңешке шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өткөн. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ага 3500 адам катышып, алардын 1047си кармалган. «ОВД-Инфо» басылмасы кабарлагандай, митинг маалында жалпысынан 1373 адам кармалып, алардын 42си эрезеге жете элек өспүрүмдөр болгон. Нааразылык акциясын кууп таратуу маалында полиция адамдарды сабап, ондогон киши жаракат алган.

Ишемби күнү кармалган Элдик каршылык бирикмесинин басма сөз катчысы Никита Зайцев учурда Склифосовский атындагы тез жардам институтунда дарыланууда. Жакындарынын айтымында, ал полиция бөлүмүндө колундагы кан тамырын кесип жиберген. Дарыгерлер азыр Зайцевдин абалы «орто» экенин билдиришүүдө.

Ал ортодо Москва шаардык думасына талапкер катары каттоодон өтпөй калган Илья Яшин элди 3-августта жаңы нааразылык акциясына чыгууга чакырды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: