Бишкектин тургуну, 19 жаштагы балага Ысык-Көлгө 14 жаштагы жашы жете элек кызды ата-энесинен уруксаатсыз ээрчитип алып кеткени үчүн кылмыш иши козголду. Бул туурасында Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирет.
“Ата-энеси кызды издешип, милицияга кайрылышкан. Качан кыз менен жигит Ысык-Көлдөн Бишкекке кайтып келишкенде, бала кызды милиция аркылуу издеп жатышканын билип, ЦУМдун жанына таштап коюп кетип калган. Андан соң кыз апасына чалып, үйүнө алып келишкен” – деп маалымдады ИИББнан.
Учурда эркек баланын аты-жөнү такталып, изделүүдө. Ага КРнын Кылмыш кодексинин 132-беренеси менен (16 жашка чыга элек бала менен жыныстык катнашка баруу жана башка сексуалдык мамиледе болуу) боюнча кылмыш иши козголду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ