Menu

Жаратылыш газы менен жүргөн автобустар төрт айда 20 млн сом үнөмдөп калды

Бөлүшүү:

Бул тууралуу маалыматты Бишкек мэриясы таратты. Азыркы тапта Бишкекте жаратылыш газы менен жүргөн 100 автобус бар. Алар жыл башында сатылып алынган эле.

Расмий маалыматтарга ылайык, башкалаабыз 40 миң автоунаага эсептелген, а чындыгында 400 миң автоунаа катталган. Бишкекте абаны бузган шарттардын 90%ы дал ушул автоунаалардан. 2018-жылы эле абага автоунаалардан 180 миң тонна уулу зат чыгарылган. Газ менен жүргөн унаалардан анчалык чыкпайт: оксид көмүртөк 8 эсе, азот оксиди 2 эсе, түтүн 9 эсе аз.

1 кубометр газ – 19,5 сом турса, 1 литр дизель – 45 сом. Ошондуктан газ менен жүргөн автобустар абдан үнөмдүү болууда. Азыр дагы ушундай 500 автобус сатып алуу маселеси каралып жаткан кези.

“Жакында эле мен Ыстамбулдан “Анадолу Групп” ири түрк холдингинин башчысы Тунжай Озилхан менен жолуктум. Алардан көп орундуу автобустарды сатып алмай болдук. Албетте, жаратылыш газы менен жүрөт. Азыр тыгыз сүйлөшүүлөр жүрүүдө. “Газпром” болсо таза жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылып турууга макул”, – дейт Бишкек мэри Азиз Суракматов.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: