Атырау шаарында уруксатсыз митинг уюштурган деген айып менен соттолуп жаткан жарандык активисттер Макс Бокаев менен Талгат Аяндын сотунда күбө көрсөтмө бергенге чейин атайын кызматтагылардан «нускама алганын» билдирди.
Сотто эки күбө суралды — Канат Адильханов жана Еркин Атыраубаев. Экөө тең 24-апрелде Атырау шаарындагы митингге катышкан. Бокаев менен Аян түрдүү маалыматтар боюнча 700дөн бир канча миңге чейин адам чогулган ошол митингди уюштурууга айыпталып жатышат.
Сотто күбө Канат Адильханов 1-ноябрь күнү кечинде аны УКК департаментине чакырып, анын сотко чейинки тергөө маалында берген көрсөтмөлөрүн эсине салгандыктарын билдирди. Анын айтымында, департаменттен ага сотто «ал көрсөтмөлөрдүн чегинен чыкпоо» кеңешин беришкен.
Соттун жүрүшүнө эки күбө тең митингдер тууралуу социалдык түйүндөрдөн билгендиктерин жана активист Макс Бокаевди биринчи жолу 24-апрелде Атырау шаарынын аянтында көргөндүктөрүн айтышты.
Судья Гүлнар Даулешова жараянга катышып жаткан прокурорлорго күбө Адильхановду тергөөчүлөрдүн кимиси чакырганын аныктап чыгууну тапшырды.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ