Орусиянын Иркутск облусунда Кыргызстандын жараны адам өлтүрүүгө айыпталууда. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги маалымдады.
Тергөөнүн версиясына караганда, 28-октябрьга караган түнү шектүү өзүнүн мурунку жетекчиси, Кытайдын жаранын темир түтүкчө менен бир нече жолу башка урган. Окуя Усть-Илимсктин «Трейд Экспорт» ишканасында болгон.
«Алган жаракаттарынан улам 24-жаштагы жабырлануучу ошол жерден көз жумган. Шектүү окуя болгон жерден качып кетип, бир нече күндөн кийин Иркутск облусунун аймагынан чыгып кеткен»,-деп айтылат маалыматта.
Кылмыш болгон жерди текшерип жатып, укук коргоочулар ишканадан алыс эмес жерден беткап жана кандын издери бар темир түтүкчөнү табышкан. Окуя болгон күнү шектүүнү жумуштан кетирип салышкан жана анын айтымында, аз айлык маяна беришкен.
«Балким дал ушунун айынан шектүү кылмышка барган»,-деп билдиришти РФ Тергөө комитетинен.
Шектүү Новосибирскте милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Азыркы учурда ал камакка алынды жана ага адам өлтүрүү беренеси боюнча айып тагылды.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ