Ош облусунун Араван районундагы «Кыргызстан» коммерциялык банкынын банкоматын карактагандар чоң суммадагы акчаны уурдап кеткени бир айдан кийин араң ачыкка чыгып, милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшө электиги билинди. Кызыл шапкечендер эмне себептен козголбой жаткандыгынын себебин уксаң күлкүң келет. Көрсө, уурулар банкоматты алдынан эмес, арткы тарабынан ачкандыктан, камера уурулардын бетин тартып калбаптыр. Мына милициянын жүйөсү. Эгерде уруулар жүзүн көргөзүп уурдаганда эмдигиче табылмак экен. Баса, аталган банк президенттикке талапкер болгон Өмүроек Бабановго тиешелүү.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ