“Мурда саясатчылар эч ким укпайт дегендей шыбырашканы тоого чыгып кетишчү. Азыр болсо мурдунун таноосунан чыккан бир кылды да каалаган ракурстан тартып алса боло турган болуп калды, атүгүл курсагы кантип курулдап жатканын жаздырып алса болот. Илимий техникалык өнүгүү политикумду кууратканы калды окшойт”, – деп Акаев тушундагы билим берүү министри, кийин Сорос фондунун жетекчиси, бир нече эл аралык уюмдардын жетекчиси болуп келген Чынара Жакыпова Твиттердеги саясатчылардын сүрөтүнө пикирин калтырып койгон экен… Анысы да чын. Бирок биздин саясатчылардын мурдун балта кеспейт го?
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ