Menu

СДПКдан легитимсиз чыгарылган Өмүркулов

Бөлүшүү:

Өткөн жумада «Атамбаевсиз СДПК» демилгесин көтөргөн топту ЖКдагы СДПК фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кабыл алганы айтылган. Ушул жүйөө менен 31-октябрда СДПКнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын жарыялап, партиянын максаттарына жана уставына каршы иштерди кылганы үчүн чыгарылды деп түшүндүрдү.

Кечээ фракция лидери Иса Өмуркулов пресс-жыйын уюштуруп, маселенин чоо-жайын кеңири түшүндүрүп, партиядан чыгаргандарды «чыккынчы» деп атады. Өмүркулов: «Бир нече облустан, бир нече партиялык уюмдардан келген адамдардыкабылалгам. Бирок мен аларга өзумдун позициямды айткан эмесмин. Ошондуктан мени эмне себептен мүчөлүктөн алышканын билбейм. Бирок алардын аракети СДПК партиясынын жобосуна, мнлдеттерине каршы келет. Мен эч кандай мыйзамды, партиялык тартипти бузган жокмун. Партиянын программасын, жобосун тутуп келем. Мен бул партия түзүлгөндөн бери 25 жылдан ашуун мучө болуп келем. Мурдагы бийлнктин тушунда ушул партияда жүргөнүм үчүн кол салуу, башка куугунтук болгонуна карабай тайманбай анын мүчөсү болуп келдим. Анан эми саясий кеңештин бир «кучка» мүчөлөрү мени партиядан чыгарып салышканы бул легитимсиз. Саясий кеңештин 7-8 гана мүчөсү катышыптыр, калгандарынын маалыматы жок. «Форумдун» басма сөз катчысынын билдирүүсүндө мени «чыккынчы» деп да айтылып жатат. «Чыккынчы» деп мени партиядан чыгаруу үчүн добуш бергендерди эсептейм. Себеби булар партиянын жана 2010-жылы апрель окуясында курман болгондордун идеясын сатты» деп билдирди. Кызыгы, уюшулган топ Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу чечимди кабыл алары менен фракцияга кат жолдоп, лидерликтен кетирүү өтүнүчүн жөнөтүптүр. Саясий кеңеш деп 3-4 кишинин чечимин айтсак болобу? Себеби, мыйзамдуулугу шек жаратып, жыйындын протоколу жок экен. Тагыраагы, протоколду Өмүркулов көргөн эмес. Кимдер добуш бергени белгисиз. Демек, «кутум» экени билинүүдө. Айтор, «Форумдун» формуласы өтө татаалдашып кетти көрүнөт. Айла кеткендеги кадамда…

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: