Menu

Президент “депутаттарды таркатуу” боюнча жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков «Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туралуу 22-октябрда президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда аталган жарлыкка ылайык, Чаек айылдык кеңеши таркатылып, жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2-декабрга дайындалган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына мөөнөтүнөн мурда шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүү тапшырылган.

Бул жарлыктын аткарылышын контролдоо президенттик Аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлгөн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: