Бүгүн, 13-январда Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасы тандалат. Бул үчүн ал Ош шаардык сотуна жеткирилди.
Соттун имаратына кирер алдында Сайпидинов күнөөсүн мойнуна албай турганын билдирди.
“Тергөө жана сот баарын аныктайт”, – деди Сайпидинов.
Белгилей кетсек, Мунарбек Сайпидинов 11-январда КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.
Савай айылына мектептин спорт залын куруп жаткан учурда жалпы суммасы 1 миллиондон ашык суммага аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. Ошондой эле М.С. жооптуу адамдар менен бирге жогоруда айтылган объекттин сапатсыз аткарылган иштери менен колдонууга берген.
Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ