“Ювентустун” чабуулчусу Криштиану Роналду голдордун саны боюнча чехиялык форвард Йозеф Бицан койгон абсолюттук рекордду кайталады. Эми Роналду абсолюттук рекордду жаңылаш үчүн бир гана гол жаратса жетиштүү. Бул тууралуу championat.com сайты жарыялады.
Анын айтымында, А сериясынын 17-турунун “Сассуоло” менен болгон беттешинде (3: 1) ал карьерасындагы 759-голун киргизген. Бицан 1931-1955-жылдары ушунча гол киргизген.
Буга чейин Ювентустун жана Португалия курама командасынын футболчусунун Инстаграмда социалдык түйүнүндөгү катталуучуларынын саны 250 миллиондон ашты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ