20 кийшиден турган куралдуу топтажик-өзбек чегарасындагы заставага кол салды. Бул тууралуу 6-ноябрда тажик ММКлары жазып чыгышты. Застава дүйшөмбү шаарынан алыс эмес Рудаки районунда жайгашкан.
Куалчандар таңкы 3:23тө “Ишкобод” №4 чегара бөлүмүнө кол салышып, 5 даана АКМ куралын алышкан. Бирок курчоодо калышып, айыгышкан атышуу учурунда кылмыштуу топтун 15 мүчөсү өлтүрүлүп, бешөө кармалган. Тажик чегарачыларынан бир жоокер курман болуп, бир милиция кызматкери жарадар болгон. Атышуу чурунда куралчандардын 4 автоунаасы өрттөлгөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ