Menu

“Гарсу Пасаулис” Кыргызстанды Эл аралык арбитраждык сотко берет

Бөлүшүү:

Ишкана буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин атына чырды тынч жол менен чечүү ниетин билдирип кат жибергенин, бирок ушуга чейин эч кандай жооп болбой жатканын кабарлады.

“Гарсу Пасаулистун” катында компания кыргыз өкмөтүнүн позициясын күтүп жатканы, эгерде маселе сүйлөшүү жолу менен тезирээк чечилбесе алар Эл аралык арбитражга кайрылууга аргасыз болору жазылган.

Ишкананын кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Бактыбек Жумашев “Гарсу Пасаулистун” каты тууралуу мындайча комментарий берди: “- “Гарсу Пасаулис” жайында өкмөткө бир кат берген. Ага жооп болгон жок. Азыркысы болсо экинчи кат. Бул кат менен компания “биз сүйлөшүп, сотсуз эле маселени чечишкенге даярбыз. Бизди канааттандыра турган чечим кабыл алынса Эл аралык арбитражга кайрылбайбыз” деп жатат”.

“Гарсу Пасаулис” компаниясы Кыргызстандын үстүнөн Эл аралык арбитражга кайрыларын май айында да билдирген. Литвалык компания кыргыз өкмөтүнөн түздөн-түз алынбай калган киреше боюнча 12 млн. евро, ал эми ишкердик аброюна шек келтирилгени үчүн 50 млн. евро доолай турганы боюнча да сөз болгон.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык “Мүлбауэр” компаниясы “тендерде эреже бузууга жол берилди” деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: