Майлуу-Суу шаарындагы Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш тилкесинде 7 миллион куб метр жер көчкү сүрүлүп, анын 18 миң кубу Майлуу-Суу дарыясына түшкөн. Көчкү Майлуу-Суу—Сары-Бээ унаа жолунун 500 метрине түшүп, каттам жабылган.
28-апрелден бери жыйырма күнгө жакын убакыт өттү. Бирок, бул кырсыктан кийин чара көрүлбөй 3200 калк жашаган Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган жашоочулар тоо боорлогон кыя жол менен өтүшүүдө. Андагы аймактагылар үчүн бул абал оорчулук жаратууда. Жашоочулар жаан-чачын күндөрү жана кары-картаң адамдар тоо боорлоп жолдон өтүү кыйынга туруп жатканын белгилешти. Арадан канча күн өткөнү менен элдин ал-акыбалына, кыйналып жатышканына кызыккан бир дагы өкмөт кызматкерлери жок. Сары-Бээликтер эми качанкыга чейин тоо боорлошоор экен…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ