Menu

Сооронбай Жээнбеков Шавкат Мирзиёев менен кызматташуунун келечектерин талкуулады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-ноябрда, Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан жана Өзбекстан Президенттери көп кылымдар бою достук жана ынак кошуналыкка негизделген кыргыз-өзбек мамилелериндеги динамикалуу  өнүгүүнү канааттануу менен белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечегин, Кыргызстан жана Өзбекстандын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, чек ара мамилелерин өнүктүрүү чараларын талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков жана Шавкат Мирзиёев өлкөлөрдүн мындан ары өз ара аракеттенишүүсү боюнча биргелешкен жакынкы пландарды белгилешип, ошондой эле кыргыз-өзбек стратегиялык кызматташуунун бардык спектрлерин кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: