Menu

Медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду

Бөлүшүү:

Кыргызстандын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо медициналык беткаптар кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулду. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим калкты медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Алдыга коюлган милдеттерге жетишүү үчүн 2013-жылдын 24-январындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Белгилей кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму буга чейин дүйнөдөгү коронавирустун пандемиясын жарыялаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун калк үчүн жаңы коронавирус инфекциясынын (2019-nCoV) жайылышына байланыштуу негизги сунуштарынын бири милдеттүү түрдө медициналык беткап тагынуу болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: