Республика аймагынан ички иштер органы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө куралдарды мыйзамсыз сактоо фактысы катталды. Бул туурасында КР ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
ОШ ШИИБдин кызматкерлери 29 жаштагы шаар тургунун текшерүүнүн негизинде “Калашников” автоматын 4 огу менен алышты. КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн ыкчам иштөө ишинин натыйжасында Өзгөн районунан 23 жаштагы жергиликтүү жаранды текшерүү учурунда ок атуучу ТТ-тапанчасын 7 огу менен алып жүргөн кезинде кармашты. Милиция кызматкерлери Таш-Көмүр шаарынан соттун чечими менен текшерүү убагында жергиликтүү жашоочунун үйүнөн ок атуучу курал алынды.
Милиция кызматкерлери түшүндүрүү ишин жүргүзүү учурунда ок атуучу куралдарды ок-дарыларын менен өз ыктыярлары менен тапшырышкан 5 фактыны катташты. Ош областынын ИИБда өз ыктыяры менен ок атуучу куралды таштырган 1 факт катталса, Ысык-Көл областынын Балыкчы ШИИБде жарандар тарабынан өз эрки менен ок атуучу куралдарды тапшыруу фактылары катталды. Жалал-Абад областынын Базар-Коргон РИИБде ок атуучу курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшырган 3 факты катталды. Ок атуучу куралдарды ок дарылары менен мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү материалдар топтолду. КР Ички иштер министрлиги эскертет: Эгерде жарандар куралдардын мыйзамдуу ээси болбосо колдонууга уруксат берилбейт. Өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарды, окторду тапшырган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ