Menu

Айтмамат Назаров, “Улуттук энергохолдинг компаниясынын” башкаруучулугунун башчысы: “Абоненттерди тейлөөдө эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек”

Бөлүшүү:

“Улуттук энергохолдинг компаниясынын” башкаруучулугунун башчысы Айтмамат Назаров 25-июль күнү “Северэлектро” ААКнын Бишкектеги сервистик тейлөө борборунда болду. Сервистик тейлөө секторунун башчысы Айнура Сагынбаева холдингдин төрагасына сервистик борбордун иши боюнча кенен айтып берди. А.Назаров кардарлардын кайрылууларына, электр тармактарына кошулууга техникалык шарттардын берилишинин мөөнөтүнө кызыкты. “Бишкекглавархитектура” менен Капиталдык курулуш Башкармалыгынын кайрылуулары боюнча, долбоорлоо уюмдарынын жаңы түзүлгөн ишканаларга, имараттарга, курулуштарга бөлүштүрүүчү компанияга туташууда берилүүчү жана даярдалуучу техникалык шарттарга токтолду.

-Айтмамат Кошоевич, сервистик борборго келгениңиздин негизги максаты эмне? Бул борбордун аткарган иштери, алдыдагы пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз.

-Мен энергетика тармагында жаңы адаммын. Улуттук энергохолдинг компаниясынын астындагы ар бир мекемеге, ишканага барып, эмне иш жасап жатканын көрүп, жакындан таанышсам деген пландарым бар. Бүгүн бул “Северэлектро” ААКнын Бишкектеги абоненттерди тейлөөчү сервистик борборго келгенимдин негизги максаты, президентибиз Сооронбай Шарипович бул жылды “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялаган, ошол багытта кандай иштер жүрүп жатканын көргөнү келдим. Менин маалыматым боюнча санариптештирүү боюнча “Северэлектро” ААК биздин башка ишканалардан айырмаланып алдыда кетип бара жатат. Сервистик борбордун иши менен таанышып чыгайын жана башка ишканаларга жайылтайын деген ойдо баш бактым.

– Абоненттерди тейлөөдө тоскоолдуктар жокпу?

– Негизи биздин иште эл менен иштешкенден кийин биринчи кезекте абоненттер менен туура иш алып барыш керек. Аларды тейлөөдө эч кандай тоскоолдуктар болбошу керек. Бардык кайрылуулар биринчи кезекте жана кыска аралыктын ичинде каралып, абоненттер менен иштешүү ачык айкын болушу шарт. Дагы бир маселе биздин абоненттердин катарына жаңы абоненттерди кошуу, башкача айтканда электр тармактарына кошулууга техникалык шарттарды берүү. Бул сервистик борбордо – электр тармактарына кошулууга документтерди кабыл алуу, техникалык шарттарды, төлөм кабыл алуу, кайрылууларды кабыл алуу баары каралган.

– Электр тармактарына кошулууга техникалык шартты канча кундүн ичинде алса болот?

– Негизи Улуттук Энергохолдингдин нормативи боюнча 21 күндүн ичинде алса болот. Бирок, “Северэлектро” ААКы 10 күндүн ичинде техникалык шартты берген учурлар катталды. Бул албетте жакшы көрсөткүч.

Тимур Термечиков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: