Menu

Организмди рак оорусунан коргоочу азыктар аталды

Бөлүшүү:

Курамында антиоксиданттар бар азыктар организмди рак шишиктеринин пайда болушунан сактоого жардам берет. Бул тууралуу “Россия” газетине Федералдык тамактануу жана биотехнология илимий борборунун илимий кызматкери, диетолог Наталья Денисова билдирди.

Ал клетка кабыкчасындагы кычкылдануу процессинен улам бузула турганын билдирди. Ал эми кычкылдануу процесси радиация, стресс жана башка көптөгөн факторлордун таасиринен улам келип чыгат. Эксперттин айтымында, антиоксиданттар бул процессти токтотуп, клеткаларды коргойт.

Наталья Денисова айткандай, С, Е витаминдери жана бета-каротин күчтүү антиоксиданттар болуп эсептелет. Демек, өсүмдүк майы, айрыкча күн карама майы жана жаңгактар ​​Е витаминине бай. С витамини киви, итмурун, карагат жана кызыл калемпирде, ошондой эле картөшкө менен пиязда көп кездешет.

Кызгылт сары жана кызыл өндүү жашылча-жемиштерде каротиноиддер, ал эми капустанын ар кандай түрүндө гормоналдык шишиктин алдын алуу үчүн маанилүү болгон тиол кошулмалары бар.

Жашылчаларда полифенол жана капсацин, кофе менен чайда таниндер бар. Көк чай, ошондой эле алма, кара өрүк, малина жана башка мөмө-жемиштер катехиндерге бай. Ал эми төө буурчактын, дан эгиндеринин жана зыгыр менен кунжуттун уруктарында лингалин, кызгылт көк мөмөлөрдө антоцианин бар.

Ошондуктан, дарыгер боткого мөмө-жемиштерди кошуп, түшкү тамакка салаттарды кошууну сунуштайт. Мындан тышкары, Денисованын айтымында, айрым иштетилген жашылчалар чийки жашылчаларга караганда пайдалуураак болот, мисалы, С витамини көп болгон туздалган капуста, ошондой эле сүт кислотасы.

Диетолог түштөн кийин жемиштерди жеп, кечинде жашылчалардан же брокколи капустасынан тамак жасоону сунуштайт. Аларга бууда бышкаг  балыктарын (анын курамында омега май кислоталары көп0 кошуп койсо болот.

Бирок, адистин айтымында, шишиктен сактануу үчүн рационго тамактын бир гана түрүн киргизүү болбойт. Ар кандай биологиялык активдүү заттар менен салмактуу тамактануу – рак оорусун алдын алат. Ошондой эле, анын айтымында, тамак-аш дары эмес, ал ооруп калуу коркунучун гана азайтарын унутпашыбыз керек. Мындан тышкары, оорулардын алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп, дарыгерге кайрылуу керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: