28-ноябрда Бишкекте 16 жаштагы Бакай Базарбеков жоголуп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 29-ноябрда Ч.А. аттуу жаран 16 жаштагы уулу Базарбеков Бакай Автандиловичти издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен арыз жазып кайрылган. Бакай 28-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 170 см чамасында, орто дене түзүлүштө, чачы кыска кара.
Кийген кийимдери: кара куртка, көк түстөгү шым, спорттук кара түстөгү бут кийим.
Милиция Бакайды көргөндөрдү же кандайдыр бир маалыматтары барларды төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0557119410, 0553102387, 0702498888, 0552 102743, 0702 228505 жана 102.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ