Menu

Жогорку Кеӊеш: өкмөт түзүмүнө өзгөртүү киргизүү сунушу колдоо тапты

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер комитетинде премьер-министрдин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушу каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Жогорку Кеӊештин депутаттары, башбакан Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Сооронбай Жээнбеков дүйнөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөргө байланыштуу, Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуу шартында, аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, анын натыйжалуулугун арттыруу максатында, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊеш тарабынан бекитилген «КР Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтомго өзгөртүү киргизүү сунушу менен кайрылып жатканын билдирди. Ошондон улам, төмөнкүдөй түзөтүү киргизүү сунушталууда:

– Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Өнөр жак, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин түзүү;

– Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин иш-милдетин кеӊейтүү менен, – Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлигин түзүү;

– Мамлекеттик байланыш агенттиги менен Өкмөттүн Электрондук башкаруу борборунун базасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин түзүү;

– Экономика министрлигин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикти кайра түзүү жана иш-милдеттерин кыскартуу, Транспорт жана жол министрлигин түзүү;

– жер казынасына көзөмөл боюнча иш-милдетти кошуу менен, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын иш-милдеттерин кеӊейтүү.

Ошону менен бирге, премьер-министр аткаруу бийлик бутагынын түзүмүнө сунушталып жаткан өзгөртүүлөр чечимдердин ыкчам кабыл алышына, иш натыйжалуулугун кыйла арттырууга түрткү берерин белгиледи. Ал мындай чаралар штат бирдигинин көбөйүшүнө жана мамлекеттик бюджетке кошумча чыгымдарды алып келбей турганын билдирди.

Премьер-министрдин сунушун колдой турганын билдирген депутат Кенжебек Бокоев мурдатан эле аткаруу бийлигинин түзүмүнө өзгөртүү киргизүү талабы коюлуп келатканын эске салды. Депутат Өмүрбек Бабанов Экономика жана инвестиция министрлигин түзүү сунуштап, ал кадрларды тандоо маселесине өзгөчө көӊүл буруу зарылдыгын кошумчалады. Ал эми депутат Исхак Масалиев жаӊы комитеттер түзүлгөн соӊ, өкмөт курамы көбөйүп жатканын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков депутаттар тарабынан берилген сунуштар талдоого алынып, алгылыктуулары эске алына турганын билдирди.

Жыйынтыгында тармактык комитет премьер-министрдин өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндөгү сунушун жактырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: