Menu

Кылычбек Султан ТИМдеги коррупцияны ашкерледи

Бөлүшүү:

Ушул жумада Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары З.Каденованын Туштүк Кореядагы окуясына байланыштуу маалымат жыйынын уюштурган бул өлкөдөгү элчибиз Кылычбек Султан чет өлкөлөрдөгү элчиликтердин, ТИМдин коррупциялык иштерин да айтып өттү. Эгер элчинин сөзүнө ишене турган болсок, ал мурда Малайзиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктү башкарып турганда ага чейин виза алуу же башка жагдайда кайрылган малайзиялык жарандардан акча талап кылуу фактылары болгон экен. Ал өз сөзүнүн далили катары атайын злчиликтин эсебине 300 АКШ доллары түшүп калгандыгын билдирди. Бирок ТИМден бул акчаны мыйзамдуу деп, жаап коюу аракети болгон. Мындан тышкары Малайзиядагы элчиликке баасы 100 мин АКШ доллары турган “Mersedes” автомашинасы сатып алынып, анын айдоочулугуна малайзиялык жаран жумушка алынып, кийин бул автомашина ошол жаранга сатылып же белекке тартууланып кеткен. Ошол эле учурда №2 деген дипломатиялык номерди алып жүрүп, бир нече ирет авария болгон жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыппулдун квитанциясы элчиликке келген. “Чыга турган көз эле, чыгып кетги өзү эле”,- демекчи, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтери менен консулдук кызматтарында иштегендер дипломатиялык миссияны унутуп, ар кимиси жеке кызыкчылыгын гана көздөп иштеп жүрүшкөндүгү, коммерция менен алектенери эл арасында көп эле айтылып жүрөт. Жакында Өзбекстандын президенти Ш.Мирзиёев өз өлкөсүнүн баардык чет мамлекеттердеги элчилерин чакырып алып, ар биринин алдына инвестиция менен туристтерди тартуу тапшырмасын коюп, мындай милдетти аткара албагандарга кызматтан кетүүнү эскертти. Бизде деле мамлекет башчыбыз элчилерибизге ушундай талап койбосо, алар өзүнчө эле элчиликтерди сайранканага айландырып алышты го…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: