Азыр өлкөнүн Акыйкатчысы ким болот? – деген эле суроо. Акыйкатчы болсом баарын кыйратмакчымын дегендер бешөө болуп турат. Бирок, КСДПдан талапкер катары көрсөтүлгөн Токон Мамытов үчүн ал орун эбак чечилгенин ишенимдүү адамдар айтып беришти. Парламент дагы Мамытовду токтоосуз колдоп берет экен. Токон Мамытовдун акыйкатчы болуп дайындалышы коомчулукта терс пикирди жаратары бышык. Ушул тапта эле ага болгон ишеним өлүп туру. Эгер бийлик Мамытовго басым жасаганы ырас болсо, кадр маселесине дагы көп сындарды айтууга негиз түзүп бермекчи. Мактап жүргөн бийлиги кеткен күнү аны жамандар, жаңы келген бийликке кошомат кылып жагынган Токон Мамытовго карата коомчулукта терс пикир арбын. Ал бийликке аброй алып келгенге караганда көбүрөөк көлөкө түшүрөт.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ