Азербайжан бийлиги 2012-жылдан 2014-жылга чейин Улуу Британиянын жалган компаниялары аркылуу 3 миллиард доллар акчаны чыгарып кеткен. Бул тууралуу “Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны маалымдоо борбору” (OCCRP) билдирүүдө.
Бул акчалардын бир бөлүгү Азербайжандын Евробиримдиктеги кызыкчылыктарын жактап, өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушун айыптаган резолюцияларга бөгөт койгон европалык саясатчыларга пара иретинде берилген.
Иликтөөчүлөрдүн маалыматы боюнча азербайжан бийлиги немис саясатчысы Эдуард Линтнер, болгар саясатчысы Ирина Бокова жана италиялык саясатчы Лука Волонтени сатып алган.
Линтнер 2013-жылы Азербайжанда өткөн шайлоо учурунда Германиядан барган байкоочулар комиссиясын жетектеген. Бокова ошол эле жылы “Азербайжан – толеранттуулук мейкиндиги” сүрөт көргөзмөсүн уюштурган. Волонте өз кезегинде Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Азербайжандагы саясий туткундар тууралуу резолюциясын өткөрбөө үчүн пара алган.
OCCRP жалган британ компанияларынын эсебинен чыгарылып кеткен акчалар азербайжан банктарына тиешелүү болгонун жазууда.
Мындан тышкары 29 миллион долларды “Азербайжандын жалган физикалык жактарынын” эсебине 2012-жылы орусиялык “Рособоронэкспорт” мамлекеттик компаниясы которгон. Эки миллион доллар пара берүүгө жумшалган, калган каражаттар Азербайжандын жогорку кызматтагы чиновниктери, анын ичинде өлкө президенти Ильхам Алиев менен байланышы бар түзүмдөргө берилген.
“Уюшкан кылмыштуулук жана коррупцияны маалымдоо борбору” өткөн жылы жогорку бийлик эшелонундагы коррупция боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Баяндамада Путин менен табакташ адамдар “Россия” банкы жана панамалык оффшордук компаниялары аркылуу 2 милллион долларды адалдап кеткени маалымдалган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ