Азырынча бардыгы менен “ляппай” мамилени бузбай, тилин тишине катып унчукпай отурган Сооронбай Жээнбеков “сени коё тур, президенттикке өтүп алайын, анан катыгыңарды берем” деп тар чөйрөдө күбүрөнүп алганын уктук. Анын планы боюнча азыр президенттик администрацияда, сот тармагында, аскердик тармакта, тышкы иштер жаатында бийликти мыкчып отургандардын баарын тазалап, өз командасы менен толуктап, көбүн алмаштырат экен. Соке президенттикке коюп атканда каршы чыккан КСДПчылар, айрым чиновниктер кызматтарынынан дароо кол жууйт имиш. Учурда ары карап ыйлап, бери карап күлгөн Сооронбай Жээнбеков кара блокнотуна кара тизме түзүп койгону чынбы? Ашууда ат алмаштырбайт деген Соке азырынча буларды минип турса, ашуудан өткөн соң ким бар-ким жок, көбүн сыйпалап таппай калчудайбыз…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ