Menu

Алмаз Атамбаев: “Азыр “ким президент болсо дагы мейли, бирок КСДПнын талапкери президент болбосун” деген ураан менен чыгып жатышат”

Бөлүшүү:

“Жакында Президенттик шайлоолор болот.  Мен бүгүн Президент катары акыркы ирет сиздерди Эгемендик күнүңүздөр менен  куттуктап жатам”, – деп билдирди 31-августта Алмаз Атамбаев “Ала-Тоо” аянтында эгемендик күнүн белгилөө салтанатында.

“Көптөгөн саясатчылар эски тартипти, саясатчылар, чиновниктер элдин эсебинен байып, мамлекеттик кызматта жүрүп мультимиллионер болдум деп сыймыктанган заманды орноткусу келет.  Көптөр,  Акаевдин Айдар Акаев жана башка балдары сыяктуу жана Максим Бакиев жасагандай, Кыргызстанды коммерциялык комокко айландыргысы келет. Жалгыз жоокер  кол болбойт, дейт элибизде.  Мен жалпы эл  тарабынан шайланган Президент катары ушул жылдары өлкөнүн карапайым калкына таянып келдим. Саясатчы катары өз ишимде, атап айтканда парламентте, биринчи кезекте  өзүмдүн социал-демократиялык партияга таяндым. Азыр биз шайлоолор башталаарда эле  КСДПнын  президенттикке талапкерине  каршы кампания башталганын көрүп турабыз.  Алардын урааны бир: ким президент болсо дагы мейли, бирок КСДПнын талапкери президент болбосун. Эмне үчүн? Анткени  КСДП талапкери Президент Алмазбек Атамбаевдин багытын улантат. Анткени өлкөнү саясатчы-коррупционерлерден тазалоо багыты улантылат. Анткени  тышкы саясатта Россия жана Кытай өңдүү жакын боордош кошуналарга  артыкчылык берилет. Анткени  мындан ары дагы уурулук үчүн жооп берүү керек болот”, –  деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: