Menu

Бабанов биринчиликти бербей келет

Бөлүшүү:

Шаман ТВ деген телеканал ушул убакка чейин Бишкектеги Ош базарынан, Кара-балта менен Каракол шаарларынын негизги базарларынан “президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз” деген суроо менен кайрылып, сурамжылоо жүргүзүшкөн. Үчөөндө тең Өмүрбек Бабанов өтө чоң айрыма менен ишенимдүү түрдө биринчи орунга чыкты. Борбордогу Ош базарында Бабановго 29, Төрөбаев менен Жээнбековго 7 добуштан, Сариевге 3 добуш, Мадумаровго 2 добуш, баарына каршы 6 добуш берилген. Ал эми Кара-Балта шаар базарындагы элден Бабановго 28, Жээнбековго 3, Сариевге 3, Мадумаровго 2 жана Текебаевге 1 добуш берилди. Каракол базарындагы сурамжылоодо Бабановго 22, Сариевге 2, Жээнбековго 1, Төрөбаевге 1 добуш, баарына каршы 2 добуш берилген. Эң кызыгы, камераны өчүрбөй, бир эле кадр башынан аягына чеиин тургандыктан ишенбей коюга эч негиз жок. Эгер кадр кыркылып, материал монтаждалган болсо, анда ишенүү кыйын болмок. Ошентип, элдин маанайы бир кыйла билинип калды. Бабанов мырза ушуга чейинки сурамжылоолордо биринчи орунду бербей келе жатат. Эми ушул эле топ түштүк жергесине барып сурамжылоо жүргүзөт экен. Буюрса, анын жыйынтыгын да жарыялайбыз.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: