Социалдык тармактарда Аксыдагы окуучунун сабалгандыгы тууралуу окуянын толук видеосу чыкты.
Эскерте кетсек, окуя ушул жылдын 6- февралында Жалал- Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагындагы №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектебинин тегерегинде катталган. Анда 9-класстын окуучулары ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Сабалган бала ооруканага кайрылган. Министрликтин маалыматы боюнча, теңтуш балдарынан таяк жеген окуучу окуусун ошол мектепте улантууда. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашкандай, окуядан кийин Асанбек Кабаев орто мектебинин директору жумуштан алынган.
Бул окуядан кийин Аксы РИИБнин участкалык кызматкерине сөгүш берилген.
https://www.facebook.com/kyrgyztoday/videos/639173240211122/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ