Menu

щ9

Бөлүшүү:

Тажикстандын Хотлон облустук соту аялын атып өлтүргөн милициянын капитаны Набиджон Аминжоновду күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыратты.

Аминжонов акыркы сөзүндө аялынын өлүмүнө тиешеси жок экенин айтып, соттун чечимин «адилетсиз» деп атады.

Мамлекеттик айыптоо соттон милициянын капитанын 21 жылга эркинен ажыратууну суранган. ​Прокурордун айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө Аминжоновдун эки баласы ата-энесинин ортосундагы урушка жана апасынын өлүмүнө күбө болушканын айтып беришкен. «Анын уулу апасын атасы өлтүргөнүн айтты. Ал түнү кыйкырыктарды уккан коңшулары келип, өлүп жаткан аялынын жанында күйөөсү турганын көрүшкөн», — деди ал.

Набиджон Аминжонов аялын өлтүрүүгө шектелип былтыр 9-сентябрда кармалган. Тергөө анын аялы Макаров үлгүсүнөн атылган эки ок башына тийип каза болгонун аныктаган.

​Аминжоновдун адвокаты азырынча бул өкүм боюнча жогорку баскычка даттануу боюнча чечим кабыл алына электигин билдирди. «Набиджон күнөөсүн мойнуна алган жок. Ал аялы менен урушкандан кийин ары басып кетип, андан соң тапанчанын үнүн укканын айтып жатат. Келсе аялы өлүп жаткан экен», — деди адвокат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: