Menu

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлор, айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо, чакан ГЭСтерге инвестиция тартуу боюнча жүрүп жаткан иштер маалым болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңеште өтүп жаткан  “КР Өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко чыгаруу боюнча саясаты” темасындагы “өкмөттүк күндө” Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышып жатат.

Премьер-министр Темир Сариевдин жана Экономика министри Арзыбек Кожошевдин маалыматынан кийин депутаттар суроо-жооп процедурасына өтүштү.

Депутат Тынчтык Конушбаев акыркы жылдардагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамынын алкагында кандай долбоорлор ишке ашырылып жатканын сурады. Экономика министри Арзыбек Кожошевдин маалыматы боюнча Кара-Балта шаарында текстиль фабрикасы, борбор калаанын Бөкөнбаев-Белинский көчөлөрүнүн кесилишине мейманкана, Чүй облусунун Кызыл-Дарыя айылында эт, сүт комбинаттары, Ош шаарында таштандыны кайра иштетүүчү завод курулуп ишке берилет. Мындан сырткары, саламаттыкты сактоо жаатында ангиографиялык анализ чыгаруу; муниципиалдык унаа токтотуучу жай, жол транспортун жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашырылаары кошумчаланды.

Өлкөбүз арзан жумушчу күчүн экспорттогон өлкөгө кирип калдык деген депутат Азамат Арапбаев айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчү күнөскана сындуу ишканаларды ачууга көңүл буруу менен Кыргызстанды арзан айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоочу өлкөгө айлантууга аракет кылуу керектигин Өкмөткө багыттады. Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, 2015-жылы күнөсканалардын саны жалпысы 742ге жетип, өндүрүлгөн айыл чарба өнүмдөрү жеринде сатылып кетип жатат.

Депутаттар Азизбек Турсунбаев, Кожобек Рыспаев чакан жана кичи ГЭСтердин курулушундагы Чехия өлкөсүнөн күтүлүп жаткан инвестициялар боюнча маалымат сурашты. Өкмөт башчы Темир Сариев азыркы электр энергиясына коюлган тарифтерге кызыгуусу жаралып, инвестиция салууга ниетин билдирип, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык 190 миллион АКШ долларына  чакан ГЭСтер курулмакчы. Алардын курулушу менен Токтогул ГЭСинен электр кубаты үнөмдөлүп, суу топтоп алуу мүмкүнчүлүгү жаралат. “Өкмөттүк күн” уланууда

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: