Өкмөт башчы 2018-жылы экономикалык өсүштүн оң көрсөткүчтөрүнүн сакталышы негизги натыйжа болгонун, экономикалык өсүш болжолдуу көрсөткүчтөн 0,7 пайыздык пунктка ашканын белгиледи. “Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 557,1 млрд сом көлөмүндө болду жана реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү. Ал эми “Кумтөр” кенин эске албаганда, реалдуу өсүш темпи 103,5 пайызды түздү”, – деди ал.
Экономикалык өсүшү 3,5 пайыз деңгээлинде түзүлүп, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин арасында ИДПнын өсүшү боюнча Армениядан жана Казакстандан кийинки үчүнчү орунга чыкканы, ал эми Россияда ИДП өсүшү 2,3 пайызды, Беларуста 3,0 пайызды, инфляциянын деңгээли 100,5 пайызды түзгөнү белгилүү болду. “Андан тышкары, өткөн жылдагы орточо эмгек акы 235,6 доллар жана пенсиянын жылдык орточо өлчөмү 80,1 доллар өлчөмүндө болду. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эң төмөнкү көрсөткүч болуп эсептелет”, – деп кошумчалады ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ