-Жолборс Жоробекович, коомчулук кечээ жакында эле көрүнүктүү инсан Абсамат Масалиевдин 85 жылдык мааракесин белгиледи. Сиз Абсамат Масалиевич менен көп жыл үзөңгүлөш жүрүп калбадыңызбы, ал киши тууралуу эмне айта аласыз?
– Тагдырдын буйругу экен, 1995-2000-жылдары депутаттык мөөнөттү чогуу өтөп калдык. Ал киши эл өкүлдөрү жыйынына, мен болсо мыйзам чыгаруу палатасына шайландым. Мен ою да, өзү да таза мындай кишини көргөн эмесмин. Көп кишилерде эки жүз болот эмеспи. Эл көзүнчө бирди айтып, өзүнчө отурганда башкача сүйлөй баштайт. Абсамат аке кайсы гана жерде, кайсы гана жагдайда болбосун, эл жөнүндө, мамлекет жөнүндө түйшөлгөн сөздөрдү айтаар эле. Кызыл-Кыядагы аскер заводу текейден арзан сатылып кеткенде ушунчалык күйүп-бышып, капа болгону эсимде. Депутаттык комиссия түзүп, текшерткенге да аракет кылып көрдү. Бирок, баарын мыйзам чегинде жасап коюшкан экен. Фенимор Купердин «Последний из могикан» деген чыгармасы бар го? Менимче, Абсамат Масалиев да таза, улуу адамдардын акыркысы болуп калды окшойт. Ал кишинин 85 жылдык юбилейи мамлекеттик деңгээлде белгиленсе туура болмок.
– Мен азыр эле анын эстелигине гүл коюу аземине катышып келдим. Негизинен ал киши менен чогуу иштешкен аксакалдар, соратниктери, балдары келишиптир. Өкмөт тараптан эч кимди көрө алган жокмун.
– Абсамат Масалиев мамлекетти беш жыл жетектеген, анын экономикасынын, кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошкон адам. Кыргыз Эл Баатыры. Ошондой болгон соң, анын юбилейин мамлекеттик деңгээлде белгилеп койгон өкмөткө аброй гана алып келмек.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ