Menu

Жалал-Абад: Шаар бийликтери тазалыкты шаар тургундарынан талап кылышууда

Бөлүшүү:

 

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык бийликтери эми шаар тазалыгын булгаган шаардыктарга катуу көзөмөл чараларын көрүшөт. Мындан ары белгиленбеген жерге таштанды төккөндөргө, коомдук жайды булгагандарга 10 миң сомго чейин айып пул салынат. Бул тууралуу, Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрүндө шаар тазалыгы боюнча жүргүзүлгөн рейд учурунда маалым болду.

Аталган рейдге Жалал-Абад шаарынын комуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакытбек Байтиков, “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Төлөн Бакиров баш болгон шаар бийликтеринин өкүлдөрү, адистер, аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты. Рейддин жүрүшүндө шаардын борбордук жана ички жолдорунун боюндагы белгиленбеген жерлерге таштанды төккөн шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, айрымдарына эскертүүлөрдү берилди. Мындан сырткары, борбордук базардагы башаламан таштанды таштоо фактылары аныкталып, таштанды чыгаруу үчүн акыларын төлөбөй жүргөн ондогон атуулдар да эскертилди.

-Биз атайын кечки рейд уюштурганыбыздын себеби, айрым шаар тургундарынын тазалык үчүн акы-төлөмдөрүн өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду. Мындан сырткары, белгиленбеген жерлерге таштанды таштаган учурлар да көп кездешет. Мындай атуулдар менен жакындан сүйлөшүүлөрдү алып барып, эскертүүлөрдү берүүдөбүз. Ал эми алдыда тазалык жагынан катуу көзөмөл иштерин алып барган жатабыз. Жогорку инстанциялардан чыккан нормативдерге байланыштуу кимде-ким белгиленбеген жерге таштанды ыргытса, ага 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин, эгер ошол эле көрүнүш кайра кайталанса, 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынат, – дейт “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысы Т. Бакиров.

Белгилей кетсек, аталган ишканада жалпысынан 78 адам эмгектенет. Ишкана боюча атайын техникалардын саны 24тү түзсө, анын 14тү таштанды ташууга ылайыкташкан. Таштанды талаасы шаардан 17 чакырым алыстыкта Сузак районунун Барпы айылына караштуу Курук-Сай участкасында жайгашып, анын аянты 9 гектарга барабпр. Ар бир таштанды ташуучу унаа күнүнө 3-4 жолу таштанды чыгарса, орто эсеп менен бир суткада 52 жолу таштанды чыгарылып келет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: